Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин даярдады

© Sputnik / Алексей ВитвицкийБрюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости "Франс Пресс" басылмасына таянып жазды.
Анда санкциялар боюнча макулдашуу Евробиримдик лидерлеринин Брюсселдеги саммитинин алкагында жетишилгени айтылат. Ошондой эле ЕБдин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Россияга каршы санкциялык саясат мындан ары да күчөтүлөрү жазылган.
Тогузунчу пакет жума күнү расмий тастыкталат. Андан соң санкциялар биримдиктин расмий журналына жарыяланып, күчүнө кирет.
Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Россияга каршы санкциялардын жаңы пакети боюнча макулдашууну ырастаган. Ал эми Польшанын премьер-министри Моравецкий Евробиримдиктин жеке санкциялары 200гө жакын россиялыкка киргизилип, кош максатта колдонулуучу товарларга да чектөөлөр болорун кошумчалаган.
Буга чейин Украинадагы абалга байланыштуу Москвага каршы санкциялардын сегиз пакети кабыл алынган. Президент Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлатуу.
ЕБдин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Боррель Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакети даяр эместигин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0