Валентина Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери деп табылды. Видео

© AP Photo / John LocherКыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи Лас-Вегаста өттү.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко World MMA Awards версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери деп табылды. Маалымат аталган уюмдун сайтына жарыяланган.
Кечээ, 9-декабрда, Лас-Вегаста өткөн World MMA Awards сыйлык тапшыруу аземинде 22 номинация боюнча мыктылар аныкталды. Алардын ичинен Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко 2022-жылдын эң мыкты мушкер айымы деп табылган.
Жакында эле спортчу кыздын Кыргызстандын жайлоосунда кой айдап жүргөн видеосу соцтармакта көпчүлүктүн купулуна толгон болчу. Ал соңку убакта мекенине байма-бай келүүдө.
Шевченко аралаш мушташ боюнча Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) аялдар арасындагы эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону.
Кыргызстандык мушкер, дүйнөлүк UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Ат минип, куш салгандарды көрүп. Шевченконун Ысык-Көлдө эс алып жаткан видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0