Меркель Путин менен эпке келүүгө жетише албай калганын айтты

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүГерманиянын экс-канцлери Ангела Меркель россиялык президент Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт
Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель россиялык президент Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Экс-канцлер эгер талапкерлигин кайра койсо россиялык президент менен жолугушууга аракет кылмактыгына токтолгон.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Spiegel басылмасына маек куруп жатып мөөнөтүнүн аягында Украинадагы кырдаалга таасир эте албай, Россия менен Евробиримдиктин деңгээлинде сүйлөшүүнүн жаңы форматына жетишпей калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Киев Минск макулдашуусун аткарбай койгон шартта атайын операция күтүлгөн окуя экенин белгилеген.
"2021-жылдын жай айларында Байден менен Путин жолуккандан кийин мен Эммануэль Макрон менен дагы бир ирет ЕБ кеңешинде Путин менен талкуунун көз карандысыз европалык форматын түзүүгө белсенгем. Айрымдар каршы чыгышты, менин да мурункудай ал-күчүм болбой калды. Баары эле мени күзүндө кетет деген мамиле жасап калышты", — деди Меркель.
Экс-канцлер эгер талапкерлигин кайра койсо россиялык президент менен жолугушууга аракет кылмактыгына токтолгон. Бирок өзүнүн айтымында, акыркы жолу Москвага болгон сапары учурунда саясаттагы убактысы бүткөнүн сезген. Меркель Украина эле эмес Приднестровье менен Молдованын, Грузия менен Абхазиянын ортосунда, Сирия менен Ливанда чечилбей калган маселелер калганын белгиледи. Ал "жаңы ыкмалардын мезгили келгенин" кошумчалады.
Эскерте кетсек, Россия өкмөтүнүн мурунку төрагасы Сергей Степашин маектеринин биринде Ангела Меркель  Владимир Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга ынандырган башкы саясатчы болгонун билдирген. Анын айтымында, ал документ болбогондо Новороссияны нацисттерден бошотуу маселеси ошондо эле чечилмек.
Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Меркель: Европада тынчтык Россиянын катышуусу менен гана орнойт
Жаңылыктар түрмөгү
0