Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАвтобустар. Архив
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Эл өкүлү миллиондоп грант, насыя алып жаткандан кийин окуучуларга, балдарга да шарт түзүү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Азыр каникул болуп, окуучулар эс алып жаткандыктан Бишкекте жол тыгыны кадимкидей азайды. Демек, калаада мектеп автобустарын өзүнчө уюштуруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тегерек стол учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Бишкектеги транспорт көйгөйү — ким күнөөлүү, маселе кантип чечилет?" аттуу тегерек столу өткөн.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКруглый стол "Транспортный коллапс в Бишкеке — кто виноват и как справиться"
Круглый стол Транспортный коллапс в Бишкеке — кто виноват и как справиться - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
"Эки-үч күндөн бери шаарда тыгын азайды. Анткени окуучулар каникулда. Буга чейин жаңы келчү автобустарды мектеп автобусу кылып киргизгиле деп сунуш кылгам. Бул сунушту шаардын мурдагы да, азыркы да жетекчилиги колдогон. Мейли, декабрда келчү 120 автобус шаар тургундарын тейлегенге эле жетишет экен. Бирок, андан тышкары, грант жана насыялардын эсебинен да көп коомдук транспорт алынышы керек. Ошолордун ичинен окуучуларга өзүнчө автобустарды уюштурбаса балдар кыйналып калууда. Пилоттук долбоорду бир райондон, мисалы, Ленин районунан баштап көргүлө. Бул жерде өтө деле чоң жумуш жасоонун кажети жок. Эгер мектеп автобусу кылып уюштуруп койсо, балдар ага кадимкидей жол кире төлөйт. Болгону ага окуучулар гана түшөт жана жүрүү графигин аныктап коюу керек. 100 миллион насыя алып жаткандан кийин балдарга да шарт түзүп бергиле да", — деген эл өкүлү.
Мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу декабрда келе турчу 120 автобус калаа тургундарын ташууга гана жетишерин айтып, мектеп окуучуларын ташуу боюнча тийиштүү жумуштар жүрүп жатканын кошумчалады.
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Пресс-борбор
Бишкектиктерди тейлөө үчүн калаага кеминде 1 500дөй автобус керектиги айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0