Жергиликтүү курултайдын Бишкекте, Ошто жана аймактарда качан өтөрү белгилүү болду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланып, мандат алгандардын катышуусу менен Элдик курултай болот.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 5-ноябрда Кыргызстандын аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим Элдик курултайды уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынган.
Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.
"Анда курултайды өткөрүүнүн календарлык жана иш-чаралар планы, айыл аймактардан, шаарлардан, чет ѳлкѳлѳрдѳгү эмгек мигранттарынан делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалар бекитилди", — деп жазылат билдирмеде.
Маалым болгондой, биринчи Элдик курултайды өткөрүү эки этапта ишке ашат.
Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланып, мандат алгандардын катышуусу менен Элдик курултай болот.
"Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону жергиликтүү кеңештер уюштурат. Анда айылдын, шаардын жашоочуларынын санына жараша делегат шайланат", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү жергиликтүү курултайга делегаттар аймактардын этностук өзгөчөлүгүн эске алып, гендердик балансты сактап тандалышы керектигин белгилешкен. Соңунда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына протоколдук тапшырмалар берилген.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтмөкчү.
Президенттин кеңешчиси, Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Радио
Курултайдын эмне зарылдыгы бар? Президенттин кеңешчиси түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0