Эртең мененки тамак кандай болушу керек. Нутрициологдун кеңеши

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioКафеде отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кафеде отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, жөнөкөй углеводдор адамдын курсагын бат ачырып, зыяндуу тамактарга табитин тарттырат.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Эртең мененки тамак ден соолукка пайдалуу болушу үчүн белок жана май камтыган азыктарды аралаштыруу керек. Бул тууралуу нутрициолог Алена Ефимовага шилтеме кылып "Известия" жазды.
"Жөнөкөй углевод менен тамактанып алсаңар кайра эле курсак ачат, болгондо дагы ошол эле жеңил углеводго (таттуулар, нан азыктары) табит тартат. Ошондуктан белок менен май камтыган тамактарды жеш керек. Алар төрт-беш саатка чейин ток кармайт", — деди Ефимова.
Нутрициологдун айтымында, белокко жумуртка, балык, тооктун жана малдын эти кирет. Ошондой эле май катары рационго авокадо, зайтун майын, анын данегин, кокос майын, жаңгакты кошууга болот. Мындан сырткары, ал ашкабак, кара нан, киноа, гречка тоюмдуу кыларын айтты.
"Белокко бай азыктар кечкисин да курсакты көп ачырбайт. Анткени адамды ачка кыла турчу гормонду азайтып, мээге тамакты азайтуу керектиги тууралуу белги берет. Ал эми пайдалуу майлар ичеги-карындын иштешин жакшыртат", — деди адис.
Ошондой эле майлар витаминдерди сиңирүүгө жардам берип, таттуу азыктардан баш тартууга жардам берет.
Күрүч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Эндокринолог: күрүчтү кант диабети менен жабыркагандар жебеши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0