Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекбасарова: аялдар арасында насвай колдонгондордун саны 7 эсеге өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова тамеки менен насвайдын зыяндуулугу бирдей болгону менен насвайга көз карандылык тез эле пайда болорун айтты.
Аялдар арасында насвай колдонгондордун саны жети эсеге, эркектер арасында үч эсеге өскөн. Бул, биринчиден, тамекинин кымбатташына байланыштуу болсо, экинчиден насвайдын ээн-эркин сатылып жатканы себеп болууда. Бул тууралуу Чынара Бекбасарова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бекбасарова: аялдар арасында насвай колдонгондордун саны 7 эсеге өстү
Анын айтымында, үймө-үй кыдырып сурамжылоодо көп аялдар жооптон качып же тамеки, насвай колдонгонун жашырып коюп жатышат. Андыктан статистика мындан да көп болушу мүмкүн.

"2021-жылдын 15-сентябрында президент Садыр Жапаров тамеки жана аэрозолдун зыяндуу кесепеттеринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол койгон. Себеби азыр тамекинин жалбырагынан эмес, синтетикалык түрдө жасалган никотин (никпэк) пайда болду. Буга чейин 2006-жылдагы КРдин жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзам жакшы иштеп келген. Кийин өндүрүшчүлөр электрондук чылым, ысытылган тамеки (IQOS), вейп өңдүү жаңы тамеки жана никотин заттарын ойлоп чыгарышты. Демек, буларды да көзөмөлгө алыш керек болду. Анын үстүнө эски мыйзамда насвайды колдонуу боюнча да шарттар айтылган эмес. 2005-жылы 15 жаштан жогору 6 000 адамдын арасында тамеки колдонуу боюнча изилдөө өткөрүлгөн. Андан кийин 2019-жылы 3 000 кишинин арасында сурамжылоо жүрдү. Андан тышкары, жаш категорияларына жараша өткөрүлгөн изилдөөлөр да бар. Ошолордун баарын анализдеп көрсөк насвай колдонгондордун саны көбөйүп жатканы байкалды. Алсак, аялдар арасында насвай колдонгондордун саны жети эсеге (2005-жылы 0,5 пайыз жеткен эмес), эркектер арасында үч эсеге өскөн. Үймө-үй кыдырып сурамжылоодо көп аялдар жооптон качып же тамеки, насвай колдонгонун жашырып коюп жатышты. Статистиканын өсүшүнө, биринчиден, тамекинин кымбатташы себеп болсо, экинчиден насвайдын ээн-эркин сатылып жатканы себеп. Эң коркунучтуусу, тамекиге салыштырмалуу насвайга көз каранды болуп калуу батыраак. Андан кутулуу да оор. Себеби насвайдагы никотин түз эле мээге барып түшөт", — деди Бекбасарова.

Ал мектеп окуучулары, өспүрүмдөр арасында тамеки, насвай колдонгондор өсүп жатканын эскертип, балдарга тамеки каражаттарын сатпай, киоскилерди мектептен алыс жайгаштырып, тамекинин зыяндуулугу тууралуу көбүрөөк айтылышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0