Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Конгресс Байденден Украинага жумшалчу 40 млрд. доллардын отчётун талап кылды

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteВашингтондогу Капитолий имараты. Архив
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Киевге 40 миллиард доллар бөлгөн мыйзам долбоору боюнча конгрессчилердин колдоосун америкалык коргонуу ведомствосу бир топ кыйынчылык менен алган.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Америкалык конгрессмендер Жозеф Байдендин администрациясынан Украинага бөлүнгөн 40 миллиард доллар өлчөмүндөгү акчанын чыгымдалышы боюнча зарыл делген маалыматтарды берүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
Мыйзам чыгаруучулардын арасында Байдендин Украинага берилген каражат туурасында отчёт берип, жөнөтүлгөн миңдеген курал менен техниканы көзөмөлдөп тура алабы деген тынчсыздануулар жаралып жатканы айтылды.
"Бир катар конгрессчилер администрацияны бериле турган кийинки жардамдын пакети мурдагыдай болуп конгресстин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун ала албастыгын эскертишти. Бул жерде маанилүү фактор Пентагон бөлүнгөн каражат боюнча отчётту канчалык толук жана мазмундуу кылып бере алгандыгында турат", — деп айтылган анда.
Гезиттин маалыматына караганда, Киевге 40 миллиард доллар акчаны бөлүү туурасындагы мыйзам долбоору боюнча конгрессчилердин колдоосун америкалык коргонуу ведомствосу бир топ "жан алакетке түшүп жатып" алган.
Пентагондун расмий өкүлү подполковник Антон Семелрот АКШнын Коргонуу министрлиги башка мамлекеттерге каражат бергенде "конгресс менен коомчулукка ачык болуу позициясын карманарын" айткан. Анткен менен Politico мыйзам чыгаруучуларга АКШнын европалык өнөктөштөрүнө коопсуздукту камсыздоого байланыштуу жумшалган чыгымдар боюнча тиешелүү отчёттун бербегенин билдирген.
Президент Жозеф Байден майдын аягында Украинага 40 миллиардга жакын доллар берүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ал аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардамды, андан сырткары, өлкөгө байланышкан кырдаал боюнча көмөктөшүүнү камтый турганын айткан.
Донбасстагы россиялык атайын операциянын фонунда Вашингтон жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинага куралды болушунча жөнөтүп жатат. Москванын Батыш берген куралдар чатакты создуктурарын бир нече жолу айткан жайы бар.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
Военнослужащий ДНР демонстрирует американский ПТРК Джавелин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинага 700 млн. долларлык аскердик жардам берери белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0