Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Элчи Антонов Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча оюн айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Дипломат билдиргендей, Россия чектөөлөр менен тыюу салуулардын фонунда да өзүнүн карыздык милдеттенмелерин аткарууга даяр.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россияга каршы жаңы санкциялар азык-түлүктү жеткирүү боюнча көйгөйлөрдү жаратып, тамак-аш коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновго шилтеме берип РИА Новости жазды.
2-июнда АКШ россиялык ондогон адамга жана ишканаларга каршы санкция кабыл алган. Алардын арасында министрлер, ишкерлер бар. Ал эми мекемелер тууралуу айтсак, аба жана суу кеме куруу тармагындагы ишканалар АКШда чыккан техниканы эми ала алышпайт.
"Чектөө практикасы дүйнөдөгү абалды курчутат деген пикирдебиз. Бул жеткирүү чынжырын кайрадан үзгүлтүккө учуратып, азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет", — деди Антонов.
Элчи кээ бир товарлардын жетишсиздиги ансыз да кыйнала баштаган Кошмо Штаттардын өзүнө экономикалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин айтты.
Дипломат билдиргендей, Россия чектөөлөр менен тыюу салуулардын фонунда да өзүнүн карыздык милдеттенмелерин аткарууга даяр.
"Россиянын төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу аракети олуттуу инвесторлордун көз жаздымында калбайт. Тескерисинче, АКШнын өзүнө болгон ишенимди кетирет", — деп сөзүн жыйынтыктады элчи.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Ошол учурдан бери улам бир санкцияларын киргизип келе жаткан Батыш өлкөлөрү жакында санкциялардын алтынчы пакетин жарыяларын билдирген.
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгресс Байденден Украинага жумшалчу 40 млрд. доллардын отчётун талап кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0