https://sputnik.kg/20220516/putin-nato-geosayasattyn-alkagynan-chygyp-bara-zhatkandygyn-aytty-1064455619.html
Путин НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып бара жаткандыгын айтты
Путин НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып бара жаткандыгын айтты
Sputnik Кыргызстан
НАТО аймагын кеңейтип, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча ниети башка союздаштардын нааразылыгын жаратты. 16.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-16T19:20+0600
2022-05-16T19:20+0600
2022-05-16T19:20+0600
дүйнөдө
геосаясат
россия
нато
владимир путин
жкку
саммит
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064453194_0:359:2933:2008_1920x0_80_0_0_7e8b8634d1a27d50dee339bf7fa382c1.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып, башка аймактардагы эл аралык процесстерге да таасирин тийгизүүгө аракеттенүүдө, бул Россиянын көңүл буруусун талап кылат. Мындай билдирүүнү Россия лидери Владимир Путин ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн жетекчилеринин юбилейлик жыйынында билдирди.Эске салсак, Түндүк атлантика альянсы акыркы мезгилде өзүнүн таасири менен аймагын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Буга жакындагы эле дүйнө коомчулугунун талкуусунда болуп жаткан учур айкын далил. Тагыраагы, кечээ Финляндия менен Швеция НАТОго кирүү боюнча расмий билдирүү жасап, бул нерсе аталган альянска мүчө-өлкөлөрдүн терс реакциясын жаратты. Тагыраагы, Түркия жана Италия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн колдобой тургандыктарын билдирген.
https://sputnik.kg/20220516/lukashenko-nato-princibin-karmanuuda-1064453931.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064453194_26:0:2755:2047_1920x0_80_0_0_f6f0214c1db91d1498fcdeb5272343f7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, геосаясат, россия, нато, владимир путин, жкку, саммит
дүйнөдө, геосаясат, россия, нато, владимир путин, жкку, саммит
Путин НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып бара жаткандыгын айтты
НАТО аймагын кеңейтип, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча ниети башка союздаштардын нааразылыгын жаратты.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып, башка аймактардагы эл аралык процесстерге да таасирин тийгизүүгө аракеттенүүдө, бул Россиянын көңүл буруусун талап кылат. Мындай билдирүүнү Россия лидери Владимир Путин ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн жетекчилеринин юбилейлик жыйынында билдирди.
"Аягы көрүнбөгөн, кеңейип отурган саясаттан сырткары Түндүк Атлантика альянсы өзүнүн географиялык айдыңынан, евроатлантикалык алкактан чыгып, эл аралык маселелерге болушунча активдүү катышууга аракет кылып жатат. Дүйнөдөгү башка аймактарга жакшы эмес жагынан таасир этип, эл аралык кырдаалды коопсуздук жагынан көзөмөлдөөгө умтулууда. Бул, албетте, биз тараптан кошуча көңүл бурууну талап кылат", — деген Путин.
Эске салсак, Түндүк атлантика альянсы акыркы мезгилде өзүнүн таасири менен аймагын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Буга жакындагы эле дүйнө коомчулугунун талкуусунда болуп жаткан учур айкын далил. Тагыраагы, кечээ Финляндия менен Швеция НАТОго кирүү боюнча расмий билдирүү жасап, бул нерсе аталган альянска мүчө-өлкөлөрдүн терс реакциясын жаратты. Тагыраагы,
Түркия жана Италия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн
колдобой тургандыктарын билдирген.