Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада көз жумган жоокер Исламжондун сөөгү Өзгөндө жерге берилди. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваИсламжон Камиловдун сөөгү Өзгөндө жерге берилди
Исламжон Камиловдун сөөгү Өзгөндө жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен жеткирилген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди.
Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген.
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
1/4

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген - Sputnik Кыргызстан
2/4

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү - Sputnik Кыргызстан
3/4

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.

Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен. - Sputnik Кыргызстан
4/4

Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.

1/4

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

2/4

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген

3/4

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү

4/4

Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү. Сөөгүн жерге берүүгө Россиянын жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жакындары катышты.
Исламжон Камилов 5-апрель күнү Луганск Элдик Республикасында снаряд жарылып көз жумганы кабарланган. Ал тогуз күндөн кийин 20 жашка чыкмак.
Камилов мектепти бүткөндөн кийин Самара облусуна барып, 2020-жылдын июнь айында Россия жарандыгын алган. Ошол эле жылы күзүндө армияга кеткен. Мөөнөтү бүткөндөн кийин келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.
Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.
Үч бир туугандын улуусу болчу, иниси 18, карындашы 12 жашта. Ата-энеси учурда Кара-Дыйкан айылында жашайт.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев менен Рустам Зарифулин каза таап, сөөктөрү мекенинде жерге берилген.
Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү бүгүн Кара-Балтада жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жалгыз уулубуз эле... Украинада курман болгон Зарифулиндин атасы видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0