Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов көз жумду

© Sputnik / Жоомарт УраимовРоссиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов. Архив
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Латыпов менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарында 20-апрелде болот.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов 65 жашында каза болду. Бул туурасында РФтин элчилигинен кабарлашты.
Маалыматта Латыповдун алты жылдан бери эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө активдүү киришип, интеграциялык байланыштарды бекемдөө иштерин жасап келгени айтылган.
Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаардык Тез жардам ооруканасынын (Кривоносов көч., 206) аймагында 20-апрелде саат 11:00дө болот.
Россиялык саясатчы Владимир Жириновский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Владимир Жириновский көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0