Обаманын айынан жалгыз калган Байден. Ак үйдөн тартылган видео

© REUTERS / LEAH MILLISПрезидент США Джо Байден и бывший президентом Барак Обама
Президент США Джо Байден и бывший президентом Барак Обама - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Жаңы демилгеге кол коюп, Жо Байден чогулгандар менен сүйлөшкүсү келгени байкалат. Бирок ага эч ким көңүл бурган эмес.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Ак үйгө келген мурдагы өлкө башчы Барак Обаманын айынан жанында киши калбай, жалгыз калганын РИА Новости жазды.
Обама америкалыктардын саламаттык сактоого кеткен чыгымдарын кыскартууга арналган иш-чарага катышуу үчүн келген. Ал саламаттык сактоо тармагындагы реформа боюнча Obamacare деп аталган мыйзам долбоорунун автору.
Жаңы демилгеге кол коюп, Байден чогулгандар менен сүйлөшкүсү келгени байкалат. Бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Байден артын карап, конгрессмендер менен вице-президент Камала Харристин курчоосунда турган Обаманы көрүп, аларды карап колун жайгандан башка эч нерсе кыла албай туруп калган.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
АКШлык адис Байдендин Украинага байланыштуу эң чоң катасын атады
Жаңылыктар түрмөгү
0