АКШлык адис Байдендин Украинага байланыштуу эң чоң катасын атады

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Америкалык адистин айтымында, азыркы кырдаалдын чыныгы себеби Украинанын эсебинен НАТОнун чыгышты көздөй жылууга аракет жасашы экенин моюнга алуу керек.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украинанын эсебинен НАТОну Россиянын батышына чейин жылдырууга умтулуу АКШ жетекчилигинин экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң саясий катасы болушу мүмкүн. Мындай пикирин мурдагы коргоо министринин кеңешчиси Дуглас Макгрегордун The American Conservative басылмасына жазган макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Американын бийлиги эч нерседен сабак албайт жана баарын тез унутат. Жо Байден менен анын партиясы Евразия мейкиндигинде Россия, Кытай, Индия, Япония, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия сыяктуу экономикалык державалардын үстөмдүгүн өздөрү бекемдеп берүүдө. Батыш ЖМКлары Россияны дайыма жагымсыз өңүттө көрсөтүп, Байден андагы өзү ишенгиси келген кымындай нерселерге карманып жатат окшойт. Бирок азыркы кырдаалдын чыныгы себеби Украинанын эсебинен НАТОнун чыгышты көздөй жылышы экенин моюнга албай коюуга болбойт", — деди адис.
Эске салсак, өткөн жылдын аягында Батыш менен мамилеси ого берет начарлап, Украинанын айланасында кырдаал курчуй баштаганда, Москва Вашингтонго коопсуздук кепилдиги боюнча документтердин долбоорун тапшырган. Анда Кремль НАТОдон постсоветтик өлкөлөр менен аскердик кызматташтыгын токтотууну, алардын аймагында база түзүүдөн баш тартууну, Россиянын чек арасына жакын жерде сокку уруучу куралдарды жайгаштырбоону, Американын өзөктүк куралдарын Европадан чыгарууну жана НАТОну чыгышты көздөй кеңейтпөөнү талап кылган.
Бирок быйылкы жылдын башында кат түрүндөгү жообунда Батыш Россиянын негизги талаптарын четке каккан.
Бучадагы Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай Бучадагы окуялар боюнча негизсиз айыптоодон карманууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0