Гастроэнтеролог кофени эки азык менен аралаштыруу кооптуу экенин айтты

© REUTERS / Bryan ThomasКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Кофе ал азыктар менен аралашканда кызыл өңгөчтү жабыркатып, зарнаны пайда кылат экен.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кофени шоколад жана алкоголдук ичимдиктер менен аралаштырганга болбойт. Бул тууралуу гастроэнтеролог, диетолог Нурия Диановага шилтеме берип "Известия" жазды.
Адис бул азыктар аралашканда кызыл өңгөчтүн ашказан менен туташкан жердеги жыйрылуусу анчейин болбой зарна жаралып, оозго ачуу даам келерин түшүндүрдү. Мындай ыңгайсыздык кээде дароо билинет, айрым учурда кесепетин кийин тарттырат.
Адистин айтымында, кофени эт жегенден кийин ичсе жакшы.
"Эспрессодо тамак сиңирүү процессин жакшыртуучу органикалык кислоталар бар. Ал ашказанда этти жакшы сиңирет", — деген Дианова.
Диетолог ошол эле учурда эспрессо кофесинен кийин бир стакан суу ичип коюуну сунуштады. Кофе заараны көп чыгаргандыктан организмди суюктукка толтуруу керек.
Тишин жууган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жеке эле генетикадан эмес... Тиштин өңүн буза турган себептер аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0