Испания: кымбатчылыкка нааразы болгондор митингди токтотпостугун айтышты. Видео

© REUTERS / SUSANA VERAИспанияда кымбатчылыкка нааразы болгондор митинг учурунда
Испанияда кымбатчылыкка нааразы болгондор митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Испанияда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы жума күнү 1,832 евро болчу. Ал эми дизель 1,87 еврого бааланып жаткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Испанияда транспорт жаатында иштегендер күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу митингге чыгып, өкмөттүн сунуштаган чараларына карабай нааразылык акциясын токтотпой турганын билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, өлкөнүн 58 шаарынын тургундары энергия булактарынын баасын жөнгө салуу жана жумушчу орундарын сактап калуу талаптары менен митингге чыгууда. Мадриддеги митингге төрт миңдей адам барган.
Бийлик алгач түз жардам кылуу үчүн 450 миллион евро бөлөрүн убадалаган. Жума күнү эртең менен дизель менен бензиндин бир литринин баасына 20 евроцент кошорун билдирген. Өкмөттүн чыгымынын жалпы суммасы миллиард еврого чыкмакчы.
Транспорт министри Ракель Санчес митингге чыккандардын лидери, Транспортту коргоо боюнча Улуттук платформанын башчысы Мануэль Эрнандес менен жолуккан. Сүйлөшүүдөн кийин ал сунуштаган чаралар жетишсиз экенин айтып, бийликтен жаңы, жок дегенде убактылуу кошумча чечимдерди талап кылган.
"Нааразылык акциясын уланта беребиз. Бизге каатчылыкты жеңүү үчүн жардам керек. Министр азыркы биздин кырдаал боюнча суроолорго жооп берген жок", — деген Эрнандес.
Анын айтымында, митинг улана берет. Себеби азыр жумушка чыккандан пайда жок.
Испанияда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы жума күнү 1,832 евро болчу. Ал эми дизель 1,87 еврого бааланып жаткан.
Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин АКШ президенти Жозеф Байден Россиядан келчү күйүүчү майды импорттоого тыюу салган. Ошондон баштап анын баасы тездик менен өскөн.
Буга чейин РФ вице-премьери Александр Новак Европа Россиянын газын азыр да, жакынкы беш жылда да эч нерсе менен алмаштыра албай турганын айткан.
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Күйүүчү май дагы кымбаттайт. Антимонополия кызматынын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0