Кыргызстандын командасы Ирандын хоккейчилерин караандатпай утуп алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты
Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Ирандын командасы мелдештин биринчи бөлүгүндө бир гана упай ала алган, калган убакта голду Кыргызстан киргизип жатты.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Кыргызстандын командасы Иранды 13:1 упай эсеби менен утуп алды.
Командалар 20 мүнөттөн үч жолу ойногон. Ирандын командасы мелдештин биринчи бөлүгүндө бир гана упай ала алган, калган убакта голду Кыргызстан киргизип жатты. Натыйжада биринчи бөлүк 4:1, экинчи бөлүк 10:1, ал эми үчүнчү бөлүк 13:1 упай эсебинде аяктаган.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 3-мартта, старт алды. Алгачкы оюнду Малайзия Кувейттин командасын 5:2 эсебинде жеңген. Андан кийин Кыргызстан менен Иран ойногон.
Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров менен Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышты.
Малайзиянын хоккей боюнча улуттук курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Бишкектеги хоккей: алгачкы оюнда Малайзия Кувейтти утту
Садыр Жапаров бүгүн Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентине Достук орденин берди
Жаңылыктар түрмөгү
0