Аида Исмаилова Кореяга элчи болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТүштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова. Архив
Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Мурдагы аткаминер айым дипломатиялык кызматка президенттин жарлыгы менен дайындалган.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалгандыгын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ушул эле күнү Жапаров Кореядагы мурдагы элчи Динара Кемелованы кызматтан бошоткон жарлык чыгарган.
Исмаилова соңку ирет вице-премьер болуп беш ай иштеп, 2020-жылдын октябрында аталган кызматтан кеткен.
Саясатчы Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0