Зулушев: Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
2021-жылдын башында УКМК Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шек жаратып жатканын маалымдап, байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканы белгиленген.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Журналисттер экс-депутаттын иши эмне болуп жаткандыгы тууралуу суроо беришкен.
"Абжалиев боюнча так маалыматым жок. Ага карата кылмыш иши кыскарыптыр. Себебин азыр так билбейм. Кааласаңар маалымат жыйын бүткөн соң такталган кабарды жазуу түрүндө беребиз", — деди Зулушев.
Эске салсак, 2021-жылдын башында УКМК Абжалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шек жаратып жатканын маалымдаган. Анын байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканы белгиленген. Эл өкүлүнүн 20 элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусунда пансионаты, Ысык-Көл менен Чүй облусунда жер тилкелери, Түркия менен БАЭде кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталганы айтылган.
Кийин Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 миллион сом которгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Бул шылдың! Абжалиев бийлик инвесторлорго электр энергия бербей жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0