Президент Садыр Жапаров "Ош" базарды кыдырып жүрөт. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жазылуу
Өлкө башчыны тегеректеген адамдар кассалык аппараттан тышкары башка дагы көйгөйлөрүн айтып жатышат.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги "Ош" базарын кыдырып жүрөт.
Өлкө башчы соода кылып жаткан жарандар менен баарлашууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров сатуучуларга кассалык аппарат боюнча түшүндүрүү иштерин өзү жүргүзүп жатат.
Өлкө башчыны тегеректеген адамдар кассалык аппараттан тышкары базардагы орундардын кымбаттыгы, жайма базар сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн дагы айтып жатышат.
Президент буга чейин "Дордой" базарын да кыдырып келгенин айтты.
Дүкөндөгү сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
ККМ колдонгон ишкер кандай салыктардан бошотулат? Салык кызматынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0