БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өкмөткө фармацевтикалык ишмердүүлүктү текшерүүгө коюлган мораторийди алып салуу сунушу киргизилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "КРде дары-дармектин баасын кантип көзөмөлдөп, дефицит жаралбаш үчүн кандай аракеттер көрүлөт" аттуу брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева билдирди.
Анын айтымында, дарыгер дагы, бейтап дагы дарынын сапаты жана коопсуздугун өз алдынча аныктай албайт.
"Дары каражаттарын жүгүртүү жаатын көзөмөлдөп туруу өтө маанилүү нерсе. Мораторий, албетте, кыргызстандыктар канчалык сапаттуу дары ала аларына таасир этет. Ар бир препаратка ылайык атайын эреже болгондуктан, анын кантип аткарылып жатканы сөзсүз текшерилиши керек. Фармацевтикалык ишмердүүлүктү текшерүүгө коюлган мораторийди алып салуу сунушун киргизебиз. Бул стратегиялык маселе", — деди Мамбеталиева.
Ал эми департамент директору Тимурлан Кысанов жарандардан дарылардын сапаты боюнча даттануулар түшүп жатканын кошумчалады.
Кысановдун айтымында, эгер мораторой алып салынса, департамент дарыканаларды текшерүү укугуна ээ болот.
Эске салсак, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизген. 2021-жылдын 1-январында мөөнөтү бүтчү бул жеңилдикти премьер-министр Артем Новиков дагы бир жылга узарткан.