Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-июнда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 25-июнь, бейшемби күнү, өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24 жана Нарын аймагында +21…+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0