БИШКЕК, 30-мар.— Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен, салык декларациялары 2-апрелде да кабыл алынат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Андыктан декларация тапшырууга үлгүрбөй калган жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2-апрелде да тапшыра алышат.
"Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн бардык салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) дем алыш күндөрү жана 2-апрелде саат 9.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алышат", — деп айтылат маалыматта.
Жеке жактардын БСД тапшыруу мөөнөтү 1-мартта башталган болчу.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.