БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын РФ алдындагы карызын жөнгө салуу боюнча макулдашуунун протоколун ратификациялады. Мында бересе акчанын калган 240 миллион долларын жоюу каралган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев Путинге карыздын калганын кечүү өтүнүчү менен кайрылган. Июнь айында Кыргызстандын Россияга карызын өлкөнүн өнүгүшү үчүн расмий жардам берүүнүн алкагында кечүү боюнча макулдашуу протоколуна кол коюлган.
Бул карыз жоюлгандан кийин Кыргызстандын тышкы карызы 6,5 пайызга азаят. Республиканын мамлекеттик башкаруу секторунун ИДПга карата карызы 65,2 пайыздан 60,6 пайызга кыскармакчы.
2017-жылдын декабрынын биринчи декадасында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Россияга болгон карызын толугу менен кечүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдин протоколуна кол койгон.