БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тоо-кен профсоюзу жаңы жылдык эс алуулардын убактысын узартууну сунуштады. Бул туурасында аталган ведомствонун борбордук комитетинин жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди.
Мындан улам беш күндүк график менен иштеген мекемелердин эс алуусу боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине эки сунуш жиберилди.
— Дем алыш күн деп саналган 7-январь (рождество) жекшемби күнгө туура келгендиктен 8-январь эс алуу күнү болот. Мындан улам 8-январды экисине, 13-январды үчүнө жылдыруу сунушу киргизилди. Ага ылайык эс алуу күндөрү 30-декабрдан 3-январга чейин уланышы керек;
— Ишембиге туура келген 8, 13, 20, 27-январь күндөрүн 2, 3, 4 жана 5-январга жылдырып, 30-декабрдан 7-январга чейин эс алуу сунушу.
Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 31-декабрдан 3-январга чейинки аралыкты дем алыш күнү деп жарыялоо боюнча токтом долбоорун сунуштаган.