Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан төрага болуп шайланган Дастан Жумабеков тууралуу 7 фактыны сунуштайт.
1. Эң жаш төрага. 1976-жылдын 2-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында жарыкка келген Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин тарыхында эң жаш төрага болуп калды.
2. Парламентке жасаган кадамы. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2014-жылдын май айында фракция лидеринин орун басары, бир жылдан кийин лидери болуп шайланган. Ал эми 2015-жылкы парламенттик шайлоо "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган.
3. Демилгелеген мыйзамдары. Күзгү жыйым-терим иштерине байланыштуу окуу жылын 20-сентябрдан баштоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген;
Үй-бүлөлүк абалды жакшыртуу максатында жаңы төрөлгөн ымыркай бир жашка чыккыча жөлөк пул төлөө мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Алгач 30 миң сом (айына 2500) берип, кийин аны 50 миң сомго (айына 4 166) чейин көтөрүү сунушталган. Бирок аталган мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.
"Айыл банктын" "Вефа" борборуна көчүрүлүшүнө каршы пикирин билдирип каражатты үнөмдөөгө чакырык таштаган. Анткени банк жайгашкан кеңсе үчүн жылына 8,5 миллион ижара акы төлөп келсе, жаңы жерге көчкөндөн кийин 21 миллион 212 миң 400 сом (300 миң доллар) төлөмөк. Натыйжада банк көчүрүлбөй мурдагы кеңсесинде калып, ижара келишимин дагы үч жылга узарткан.
4. Чупакабра тууралуу алгач сөз баштаган. 2014-жылы 12-июнда Кочкор районундагы белгисиз жандык боюнча Жогорку Кеңештин жыйнында маселе көтөрүп чыккан Дастан Жумабеков болгон. Ал жергиликтүү бийликтин алы жетпей калганын айтып, өкмөттү жардам берүүгө чакырган. "Белгисиз жаныбар чыгып, 50дөй койду кырыптыр. Жергиликтүү бийликтин алы жетпей калыптыр. Интернеттен карап көрсөм, бул Латын Америкасындагы чупакабра деген жаныбар экен" деген ал.
5. Канча киреше табат? Дастан Жумабеков 2016-жылдагы киреше боюнча декларациясында бир жылда мамлекеттен 720 миң сом айлык алганы жазылган. Мүлкү боюнча бир батирге ээлик кылат.
7. Үй-бүлөсү. 11 бир туугандын арасында чоңойгон. Атасы — колхоздун бригадири, апасы — мугалим. Эң улуу агасы — белгилүү академик, профессор, Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.