Буга чейин кыргыз өкмөтү Афганистандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган бир нече үй-бүлөнү Нарын аймагына көчүрүп келип, балдарына билим берүү максаты коюлуп жаткандыгын айткан эле.
Биздин кабарчы Жалал-Абадда өргүгөн учурунда Памирден келген кандаштар менен жолугуп, аларды кепке тартты.
"Эки бүлө Кичи Памирден, төрт бүлө Улуу Памирден келе жатабыз. Карып болуп калган кыргыздарды эстеп, тосуп алдынар. Бул үчүн жалпы баарыңарга ыраазылык айтабыз. Максатыбыз — ушул балдарыбызга билим берүү, окутуу", — деди өзүн Кичи Памирден болом деп тааныштырган Абулбайит Жээнбеков.
Ал эми Улуу Памирден ат арытып жол жүрүп келе жаткан Абылгафар Абдрасул уулунун чечекейи чеч болуп сүйлөп берди.
Буга чейин Sputnik Кыргызстанга маалымат берген вице-премьер Чолпон Султанбекова 33 кишинин арасында кош бойлуу келин да бар экендигин айткан.
Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын апрель-май айларынан тарта Улуу жана Кичи Памирде жашаган, тактап айтсак, Афганистандын Бадахшан аймагындагы жети жаштан 30 жашка чейинки 30 адамды Кыргызстанга алып келүүнү маалымдаган эле.