БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн саат 7.30дар чамасында Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Садавое айылында болгон жол кырсыктан вице-премьер Темир Жумакадыров көз жумду.
Жүк ташуучу унаа менен Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Окуя болгон жерде вице-премьер менен кошо анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган. Алар жол тандабастын салонунда болушкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин жол кырсыгынан каза болгон белгилүү адамдарды эстеп көрүүнү эп көрдү.
Насирдин Исанов
Анарбек Бакаев
Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча министри Анарбек Бакаев бара жаткан Volkswagen Passat кызматтык унаасы "Манас" аэропортунун жолунда кырсыкка кабылган. Анда да министрдин унаасын ЗИЛ жүк ташуучу машина келип сүзгөн. Окуядан көп өтпөй ЗИЛдин айдоочусу мас абалында болгондугу айтылган. Москвадагы дарыгерлердин жардамы менен да жол кырсыгынан жаракат алган Анарбек Бакаевди сактап калууга мүмкүн болгон эмес.