Учак кырсыгынын себеби жакын арада коомчулукка кабарланат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Boeing-747 учагынын кыйрашынын себептерин иликтөө боюнча МАК комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский менен жолугушту.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) комиссия төрагасы Леонид Каширский МАК эксперттери кулаган учактын себептерин иликтөөнүн жыйынтыктоочу баскычын жүргүзгөндүгүн жана жакын арада кыргыз коомчулугуна толук маалымат берилээрин маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: учак кулаган учурда майынын көпчүлүгү күйүп кеткен
Ага ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча МАК комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский менен жолугушту.

Каширский МАК атынан кырсыктын натыйжасында орун алган адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

МАК комиссиясы тараптан кырсык себептерин мындан аркы иликтөө иши Бишкекте улантылат.

Эске салсак, 16-январда Boeing-747 учагы "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача айылына кулап, анын кесепетинен 39 киши каза болгон. Анын ичинде төртөө экипаж мүчөлөрү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0