Бишкекке жакын жерден айдоочу өспүрүм кызды коюп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТротуарда турган адамдар. Архив
Тротуарда турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага өспүрүм кыз оор абалда келип түшкөнү маалым болду.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Новопокровка айылында Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаа кызды коюп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

"Болжол менен саат 12:40да жол кырсыгы катталган. Айдоочу баланы машинага салып Бишкек тарапка алып кеткен", — деп Кайгуул милициясы маалымдады.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан аларга 15 жаштардагы кыз оор абалда алынып келингенин билдиришти. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0