Ош — Баткен — Исфана жолунда май ташыган унаа менен жеңил машина кагышып, 2 киши өлдү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, жок кырсыгы бүгүн саат 08:30да катталган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолунда май ташыган унаа менен жеңил машина кагышып, 2 киши каза болгонун ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 8-декабрда саат 08:30да Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагында Ош — Баткен — Исфана унаа жолунда "Алга-Бас" чек ара постунун жанында май ташыган бош авто унаа менен Step Wagon менен унаасы кагышкан.

"Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам каза болгон жана жабыркагандар да бар", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде куткаруучулар куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Жүк ташуучу автоунаалар себепкер болуп, адам өмүрүнө забын болгон жыл башынан берки жол кырсыктарын тизмектерин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0