Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт

© Фото / Влад УшаковШаркыратма. Архив
Шаркыратма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Төө-Ашуудагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: ашууларда кар көчкүсү күтүлөт
Ошондой эле тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаарында күндүз 6 градус жылуу болсо, Ошто 8 градуска чейин көтөрүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчалык аймактарында күн 10 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 5 градуска чейин жылуу болсо, Нарында 6 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0