Сарпашев: референдум менен жергиликтүү шайлоо бир күнгө дал келсе көйгөй жаралбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК бир күндө эки шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин айтып, 470 шайлоо участкасы ачыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Эгерде референдум менен жергиликтүү шайлоолор бир күнгө дал келип калса техниканын баары даяр. Бул тууралуу парламенттеги талкуу учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев билдирди. 

Эске сала кетсек, учурда ЖКда Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү мыйзам долбоору каралып жатат. 

"Эгерде референдум менен жергиликтүү шайлоолор бир күнгө дал келип калса техниканын да, программанын да баары даяр. Ал күнү эки тизме түзүлөт да, шайлоочулар ошол тизмек менен катыша берет", — деди Сарпашев. 

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК бир күндө эки шайлоо өткөрүүгө даяр экенин айтып, өлкө боюнча 470 шайлоо участкасы ачыларын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0