Эртең Кыргызстанда жаан жаайт

CC BY-SA 2.0 / Chris Vander Hoek / Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эртең, 11-август күнү өлкө боюнча жаан жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. 

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын түштүк тарабында жер титиреди
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ал эми Бишкекте күн ачык болуп, абанын түнкү температурасы 17…19 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болот. Ош шаарында да жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 19…21 градус, күндүз 34…36 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0