Тарых музейинде чыккан өрт алты саатта толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Актан ТемиркановБорборду "Ала-Тоо" аянтында орун алган мамлекеттик тарых музейинде чыккан өрт.
Борборду Ала-Тоо аянтында орун алган мамлекеттик тарых музейинде чыккан өрт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү "101" кызматына 22-июлда саат 22:12де келип түшкөн.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында орун алган мамлекеттик тарых музейинде чыккан өрт саат 04:42де толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жабыркаган киши. - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейиндеги өрт учурунда ӨКМдин эки кызматкери жабырланды
Тилсиз жоонун алдын алууга 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, 60дан ашык куткаруучу, "Тазалык" ишканасынан 5 кызматтык унаа, тез жардам кызматынын беш бригадасы, Биринчи Май райондук ИИБдин 50 кызматкери жана 10 даана кызматтык унаа тартылган.

Ошондой эле окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков да келген.

Жалпысынан музейдин жыйындар залындагы 300 чарчы метр жер күйгөн. Ал жерде экспонаттар да болгон. Аларды сактоо үчүн 90го жакын киши баалуу буюмдарды жер төлөөгө киргизишкен.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Мамлекеттик тарых музейи 25-марттан тарта оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабынын алкагында жабылган болчу. Ал эми анын экинчи этабы Эгемендүүлүк күнү — 31 августка карата бүтүп калышы керек эле.

Ак Үйдүн капталында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Иске ууланган куткаруучу, тез жардам жана милиция. Тарых музейинде чыккан өрт
Мындан бир нече күн мурда тагыраагы, 14-июлда да музейдин чатырындагы 20 чарчы метр айнеккебез ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан улам өрттөнгөн эле.

Мамлекеттик Тарых музейи 1925-жылы негизделген. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы салынган. Ал — Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Бул жерде 135ге миңге чукул экспонаттар жана кыргыз элинин маданий, тарыхый уникалдуу эстеликтери сакталып келет.

Өрт чыккан Тарых музейиндеги кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0