Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу дагы деле сакталууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя бойлорун бекемдөө иштери. Архив
Дарыя бойлорун бекемдөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгынын алдын алуу аракеттерин көрүүдө.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу дагы да болсо жогору экенин ӨКМ билдирди.

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Кара-Кулжада жайлоого бараткан унаа жолдон чыгып, жарга асылып калган
Маалыматка ылайык, 8-июлдан 10-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМдин тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине эскертүү берилди.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0