Атамбаев Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө акча бөлдү

Жазылуу
Алматы — Астана кан жолунда беш кыргызстандык каза болгон.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом акчалай жардам бергенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ооруканадагы өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы мекендештер Бишкектеги онкологиялык оорулуу балдарга жардам берет
Эскерте кетсек, кырсык Алматы — Астана кан жолунун 385-чакырымында, башкача айтканда Алматы, Жамбыл жана Караганда облустарынын чектешкен жеринде болгон. Мында Mercedes Vito микроавтобусу менен Setra үлгүсүндөгү автобус кагышып, унаа ичиндеги беш киши каза болгон.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, бүгүн Ошто туугандарына берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0