ӨКМ Алматыдагы кырсыктан каза болгондордун сөөгүн туугандарына өткөрүп берип жатат

Жазылуу
Министрлик сөөктөрдү Казакстандан алып келүүгө каза болгон жарандардын туугандары көмөктөшкөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 25-июн.— Sputnik. Казакстанда мындан эки күн мурда автокырсыктан каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, учурда туугандарына өткөрүлүп берилип жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Каза болгон жарандардын сөөгүн 25-июнда ӨКМдин райондук бөлүм башчысы, айыл башчысы Оштогу туугандарына тапшырып берди", — деп билдирди маалымат кызматы.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда дарыяга кулап кеткен унаа айдоочусунун сөөгү табылды
Министрлик сөөктөрдү ташуу-жеткирүү иштери каза болгон жарандардын туугандары тарабынан аткарылгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, кырсык Алматы — Астана кан жолунун 385-чакырымында, башкача айтканда Алматы, Жамбыл жана Караганда облустарынын чектешкен жеринде болгон. Мында Mercedes Vito микроавтобусу менен Setra үлгүсүндөгү автобус кагышып, унаа ичиндеги беш киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0