Бишкекте Чернобыль апааты эскерилди

© пресс-служба мэрии города БишкекМитинг-реквием, посвященный 30-й годовщине аварии на Чернобыльской атомной электростанции в Бишкеке
Митинг-реквием, посвященный 30-й годовщине аварии на Чернобыльской атомной электростанции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура 30 жыл мурун 1986-жылы 26-апрелде Украинада жайгашкан Чернобыль атом электр станциясында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Юлиус Фучик атындагы паркта Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан кыргызстандыктарга орнотулган эстеликке гүл чамбар коюлду.

© пресс-служба мэрии города БишкекЮлиус Фучик паркындагы Чернобыль станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан кыргызстандыктарга орнотулган эстеликке гүл чамбар коюлду
1/5
Юлиус Фучик паркындагы Чернобыль станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан кыргызстандыктарга орнотулган эстеликке гүл чамбар коюлду
© пресс-служба мэрии города БишкекБелгилей кетсек, мындан туура 30 жыл мурун 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль атом электр станциясында жарылуу болгон
2/5
Белгилей кетсек, мындан туура 30 жыл мурун 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль атом электр станциясында жарылуу болгон
© пресс-служба мэрии города БишкекАнын кесепетинен станцияга жакын жайгашкан аймактардагы кишилер башка жакка көчүрүлгөн
3/5
Анын кесепетинен станцияга жакын жайгашкан аймактардагы кишилер башка жакка көчүрүлгөн
© пресс-служба мэрии города БишкекМэр Ибраимов өз сөзүндө учурда Бишкекте Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан 287 киши жана алардын жесирлери жашарын билдирди
4/5
Мэр Ибраимов өз сөзүндө учурда Бишкекте Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан 287 киши жана алардын жесирлери жашарын билдирди
© пресс-служба мэрии города БишкекАталган кайгылуу окуянын 30 жылдыгынын алкагында Чернобыль кесепеттерин жоюуга катышкандарга, алардын жесирлерине беш миң сомдон жөлөк пул берилди.
5/5
Аталган кайгылуу окуянын 30 жылдыгынын алкагында Чернобыль кесепеттерин жоюуга катышкандарга, алардын жесирлерине беш миң сомдон жөлөк пул берилди.
1/5
Юлиус Фучик паркындагы Чернобыль станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан кыргызстандыктарга орнотулган эстеликке гүл чамбар коюлду
2/5
Белгилей кетсек, мындан туура 30 жыл мурун 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль атом электр станциясында жарылуу болгон
3/5
Анын кесепетинен станцияга жакын жайгашкан аймактардагы кишилер башка жакка көчүрүлгөн
4/5
Мэр Ибраимов өз сөзүндө учурда Бишкекте Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан 287 киши жана алардын жесирлери жашарын билдирди
5/5
Аталган кайгылуу окуянын 30 жылдыгынын алкагында Чернобыль кесепеттерин жоюуга катышкандарга, алардын жесирлерине беш миң сомдон жөлөк пул берилди.

Белгилей кетсек, мындан туура 30 жыл мурун 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль атом электр станциясында жарылуу болгон. Анын кесепетинен станцияга жакын жайгашкан аймактардагы кишилер башка жакка көчүрүлгөн.

Чернобылдын сырлары. Кыргызстандыктарга уйку бербеген өткөндүн элестери
Эскерүү иш-чарасына калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, вице-мэр Айгүл Рыскулова, "Чернобыль кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Украина, Белоруссиянын элчилери катышты. 

Мэр Ибраимов өз сөзүндө учурда Бишкекте Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан 287 киши жана алардын жесирлери жашарын билдирди.

Аталган кайгылуу окуянын 30 жылдыгынын алкагында Чернобыль кесепеттерин жоюуга катышкандарга, алардын жесирлерине беш миң сомдон жөлөк пул берилди. Мындай жардам Бишкек шаарынын төрт районунда жашаган бардык катышуучуларды камтыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0