Жибек Жолу көчөсүндө кишини тебелеп кеткен айдоочу милиционер болушу мүмкүн

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү делинген айдоочу кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча ал — милиция кызматкери.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Адам өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Мурдараак тез жардам кызматы тарабынан түңкү саат 04:00дө айдоочу эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, бирөөсү мерт кеткени кабарланган. Кырсыкка кабылгандардын экинчиси оор абалда Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылган. 

Кайгуул милициясы адам өмүрүн алган жол кырсыгын каттап калган видеону таратты
"Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган жаран милиция кызматкери болушу мүмкүн. Башка маалымат бере албайбыз. Ишти прокуратура карайт", — дейт маалымат кызмат. 

Кармалган жаран кылмыш учурунда мас-соо экенин милиция тактаган жок. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. 

Прокуратура азырынча маалымат бере элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0