Чүй облусунун 90 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Жазылуу
Кечээ Сокулук, Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунун көк бөрү боюнча курама командалары мөрөй талашты.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облусунун 90 жылдыгына карата спорттук мелдештер 16-апрелде башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 16-29-апрель күндөрү Чүй облусунун Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда көк бөрү, кунан чабыш, ат салыш, футбол, волейбол боюнча мелдештер болот.

16-апрелде Сокулук районунун Белек айылындагы ат майданда Сокулук, Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунун көк бөрү боюнча тандалма командалары мөрөй талашты.

Милиция кызматкерлери самбо боюнча күч сынашты
Жайыл районунун командасы Москва районунун улакчыларын 1:0 эсебинде, Сокулук районунун командасы Панфилов районунун командасын 10:0 эсебинде, Жайыл районунун командасы Панфилов районунун командасын 3:1 эсебинде, Сокулук районунун командасы Москва районунун командасын 8:0 эсебинде, Сокулук районунун командасы Жайыл районунун командасын 4:2 эсебинде, Панфилов районунун командасы Москва районунун улакчыларын 3:0 эсебинде утуп алышты.

17-апрелде Ысык-Ата районунун Сынташ айылында Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун командалары көк бөрү мелдештерине катышып, күч сынашат. Эки аймактардан тандалган командалар 22-апрелде баш байге үчүн таймашка чыгат. Баш байгеге эки автоунаа коюлуп жатканын уюштуруу комитетинен маалымдашты.

Мындан сырткары жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0