Милиция кызматкерлери самбо боюнча күч сынашты

© пресс-служба МВД КРМилиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча биринчилик өткөздү.
Милиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча биринчилик өткөздү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаарында самбо боюнча КР ички иштер министрлигинин биринчилиги өттү.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча алты салмак категориясынан күч сынашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 2010-жылы июнь окуясында кызмат өтөп жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган. Спорттук иш чара 14-16-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарындагы "Динамо" спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарындагы ички иштер органдарынын 11 курама командасы катышты.

© пресс-служба МВД КРМилиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча алты салмак категориясынан күч сынашты.
1/2
Милиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча алты салмак категориясынан күч сынашты.
© пресс-служба МВД КРМелдеш 2010-жылы июнь окуясында кызмат өтөп жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган.
2/2
Мелдеш 2010-жылы июнь окуясында кызмат өтөп жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган.
1/2
Милиция кызматкерлери үч күн бою самбо боюнча алты салмак категориясынан күч сынашты.
2/2
Мелдеш 2010-жылы июнь окуясында кызмат өтөп жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган.

Турнирдин жыйынтыгында ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы биринчи, ички иштер министрлигинин борбордук аппараты экинчи жана Эргеш Алиев атындагы академиясы үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөр ИИМдин кубогу, медалдары, грамота жана Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги менен Жалал-Абаддагы милициянын ардагерлери тарабынан сыйлуу белектерди алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0