Бишкек шаарынын тургунун өлтүрдү делген жаран кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган киши. Архив
Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген жаран учурда камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Свердлов РИИБдин ыкчам иликтөө тобу борбордогу көңүл ачуу жайынан киши өлтүрдү деп шектелген 23 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда эки киши өлтүрүп, 19 жыл бою Кыргызстанды баш пааналап жүргөн жаран кармалды
Белгилей кетсек, 6-апрелде белгисиз жаран 26 жаштагы кишини көкүрөк тушка сайып, ал каза болуп калган. Шектүү жаран изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштери учурунда шектүү жаран шаардагы көңүл ачуучу жайдан таанышынын туулган күнүн майрамдап, спирт ичимдиктерин ичкен. Түнкү саат 01.00дөр чамасында ал бир жаран менен чатакташа кеткен. Сыртка чыкканда ашкана бычагы менен аны көкүрөк тушка сайган.

Учурда Свердлов райондук соту шектүү жаранды камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0