Бишкекте аял өмүрүнө забын болгон мас айдоочу кармалды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Упавший дорожный знак "Пешеходный переход". Архивное фото
Упавший дорожный знак Пешеходный переход. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ болгон. Кармоо учурунда качып кеткен унаанын айдоочусу мас экени аныкталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кечээ, 24 мартта таңга маал шаардын Ахунбаев көчөсүндө 45-50 жаштагы аялды коюп, качып кеткен айдоочу кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада үч аялды өлтүрүп кетишти, анын бирөөсү кош бойлуу экени аныкталды
Маалыматка ылайык, кырсык кесепетинен аял каза болгон. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, экспертиза дайындалган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кырсыкка себепкер 24 жаштагы айдоочу кармалып, анын мас абалында экени аныкталган. Унаа айып короого токтотулду.

Кармалган айдоочу Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Текшерүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0