БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ак-Суу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинен табылган мамонттукуна окшош жандыктын баш сөөгү кайтарууга алынганын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев маселени жеке көзөмөлүнө алган.
"Кечээтен бери сөөктү милиция кызматкерлери кайтарып турат", — дешти өкүлчүлүктөн.
Бөрүбаева жакын арада Илимдер академиясы менен тийиштүү органдардын кызматкерлери келе турганын кошумчалады.
Айрым окумуштуулар бул мамонт эмес, мастодонттун сөөгү экенин айтышууда. Бул жаныбар 10 миң жыл мурун тукум курут болгон. Сөөктүн кайсы жандыкка таандык экенин окумуштуу-илимпоздор изилдейт.
Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>