Ысык аба ырайынан улам Бишкекте жылуулук берүү токтобойт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сыртта аба ырайы беш күн катары менен сегиз градустан жогору болсо борбор калаага жылуулук берүү токтотулат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мэрия февраль айындагы жылуу аба ырайынан улам көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулукту өчүрбөй турганын муниципалитеттин маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорундагы бадам менен согон гүлдөдү
Маалыматка ылайык, март айында аба ырайы төмөндөшү мүмкүн, андыктан жылуулук берүү апрель айына чейин созулушу мүмкүн. Мэриянын токтомуна ылайык, эгер сырттагы аба ырайы беш күн катары менен сегиз градус жылуу болсо гана жылуулук берүү токтотулат.

"Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдиргендей, Бишкек жылуулук борборундагы көмүрдүн запасы көп убакыт бою жылуулук берүүгө жетет.

"Мэриянын токтомун аларыбыз менен жылуулук берүү токтотулат", — дейт ал.

Акыркы эки-үч күндөн бери шаарда абанын температурасы 15 градустан жогору болууда. Кечээ 1963-жылы катталган рекорддук көрсөткүч (19,4 градус) жаңырып күн 20 градус ысыган.

Ал ортодо Кыргызгидромет март айынын ортосунда аба ырайы суук боло турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0