КРдин Анкарадагы элчилиги жардырууда жабыркаган мекендештердин бар-жогун тактап жатат

© REUTERS / Mustafa KirazliТүркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон жардыруу.
Түркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон жардыруу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын борбор калаасында жардыруу болуп, анын кесепетинен 28 адам курман болду. Андан сырткары 61 киши жаракат алган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik.  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 17-февралда кечинде Анкарада болгон жардырууда кыргызстандыктардын бар-жогу текшерилип жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Окуя кечээ, 17-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.31де Түркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон. Светофорго аскерлерди ташып келе жаткан транспорт колоннасы токтогон учурда жардыруучу зат коюлган автоунаа жарылып, анын кесепетинен 28 адам курман болду. Андан сырткары 61 киши жаракат алган.

"Азырынча Түркиядагы элчилик иштеп жатат. Жабыркагандардын арасында мекендештерибиздин бар-жогу текшерилүүдө", — деп министрликтен кошумчалады. 

Өз учурунда Facebook социалдык тармагы "Мен коопсуз аймактамын" аттуу функциясын ишке киргизди. Аны менен кыргызстандыктар колдоно баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0