Америкалык окуучу Сариевден башка да жетекчилерге суктануу менен кат жазган

© Sputnik / Андрей Теличев / Медиабанкка өтүүКат окуп жаткан адам. Архив
Кат окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын премьер-министр Темир Сариевдин дарегине АКШ окуучусунан кат келгени айтылган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Американын 14 жаштагы Тим Ли аттуу окуучусу Гамбиянын президенти Яйя Абдул-Азиз Джамус Джункунг Джаммага кат жазганын Observer маалымат сайты билдирди. Бул тууралуу 21-январда белгилүү болгон. 

Кечээ Facebook тармагындагы баракчасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Темир Сариевге арналган катты жарыялады.

Кат жазып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагынычтуу салам кат… Өлкөдө өлбөй келаткан эпистолярдык жанр
Гамбия президенти менен Кыргызстандын премьер-министрине жолдонгон каттар окшош экени белгилүү болду. Болгону басылма өспүрүм президенттен Гамбияга көрүп кетүүгө жардам берүү тууралуу өтүнүчтүн бар-жогун айткан эмес.

Катта Африка өлкөсүнүн башчысы баланын суктануусун жараткан лидер экени айтылып, өспүрүм келечекте так ошондой болгусу келерин билдирген. Ушундай эле маанидеги сөз Сариевге жолдонгон катта да жазылган.

Мамлекеттердин лидерлерине багытталган эки катта тең Лонг-Айленд-Сити шаарындагы орто мектептин окуучусу келечекте дарыгер болуп, рак илдетине каршы дары табууну кыялданганы айтылат. 

Ал Гамбиянын президенти да ага жооп берерине ишеним арткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0