Ошто салыктан баш тарткан ишканага 2 млн. сомдук айып пул салынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОш шаарына Сулайман-Тоодон көрүнүш. Архив
Ош шаарына Сулайман-Тоодон көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана салыктык отчетторду жашырып, мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ошто ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартып келген "Орекс плюс" ишканасына айып пул чегерилди. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди. 

Аталган кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери аталган ишкана салыктык отчетторду жашырганын аныктаган. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ишканага 2 миллион 512 миң сом айып чегерилди. 

Бул боюнча аталган ишканага кылмыш кодексинин 213-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0