Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн КР жарандары каза болду. Күбөнүн тарткан видеосу

Жазылуу
Москва шаарынын түштүгүндө жайгашкан тигүү цехинде чыккан өрттөн Кыргызстандын жарандары каза болгон. Өрттү WoTSano2610 аттуу колдонуучу тартып алган.

Ал Стромынка көчөсүндөгү 25-үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү ишемби күнү кечки саат 21.02де келип түшкөнүн жазат.

"Эски курулуш болчу. Анда өрт чыкты. Имараттын алдыңкы кабатында пиротехникалар жайгашкан склад бар болчу. Өрт 3 миң чарчы метр жерди жалмады. Имараттын 500 чарчы метри урап түштү. Ал түнкү саат 00.55те өчүрүлдү. Өрттүн чыгуу себептери такталуу. Аны атайылап өрттөө деген да божомол бар", — деп жазат аталган колдонуучу.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча тигүү цехинин төрт кызматкерин гана куткарып калууга мүмкүн болгон. Алардын экөө кыргызстандык, Россиянын бир жараны (этникалык кыргыз) жана бир өзбекстандык.

Каза болгондор тууралуу маалыматтар такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0